Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого бюджеттен 8,5 млрд сом бөлүү пландалууда

Жыл аягына чейин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн бюджеттен 8,5 миллиард сом бөлүү пландалууда.

Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, бул максаттарга алгач 400 миллион сом бөлүнгөн.

Бирок тышкы жана ички азык-түлүк рынокторундагы азыркы кырдаал пландарды кайра карап чыгууга жана чыгашаларды бир кыйла кебейтүүгө мажбур кылды.

Өзгөчө көңүл республиканы үрөн, дан эгиндери, кант, май, күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого бурулат.