Эртең жогорку окуу жайларга кабыл алуунун акыркы туру болот.
Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, мектеп бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларына тапшыруу сынагына катышуу үчүн 17-август түшкү саат 2ге чейин өтүнмө бере алышат. ЖОЖго тапшыруу үчүн “Абитуриент online” автоматташтырылган электрондук системасы аркылуу каттоодон өтүү зарыл.