Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык Ынтымак Мурадил уулу алтын байге алды.
Маданият,министрлигинин маалыматына караганда, ал салттуу жаа атуу боюнча эркектер арасында 1-орунду ээледи.
Соңку жыйынтыктар боюнча Кыргызстандын спортчуларында сегиз алтын, алты күмүш жана жети коло байге бар.
Медалдардын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан учурда 10-орунда.
Ал эми сап башында Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.
Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашууда.
Мелдештер 18-августта жыйынтыкталат.