Бүтүрүүчүлөргө аттестаттар 18-июндан 20сына чейин тапшырылат

Бүтүрүүчүлөргө аттестаттар 18-июндан 20сына чейин тапшырылат.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Эгер бул датага чейин өлкөдө абал туруктуу болуп, тиешелүү органдар уруксат берсе,

күбөлүктөр бүтүрүүчүлөргө салтанаттуу түрдө тапшырылат. Абал жөнгө салынбаса,

ар бир окуучу мектеп берген график боюнча ата-энелери менен эки-үчтөн барып

мектептен алышат. Эске салсак, быйыл Кыргызстанда 59 миң окуучу 11-классты бүтүрөт.

Анын ичнен 1 миң 253ү артыкчылык аттестатына талапкер.