Кыргызстан 15 миллион сомдук медициналык жабдууларга ээ болду

Кыргызстан коронавируска каршы күрөштүн алкагында 15 миллион сомдук медициналык жабдууларга ээ болду.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, жардамды Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги көрсөттү.

Анын алкагында Улуттук госпиталга, Чүй облустук ооруканасына жана Ош шаардык ооруканасына медициналык жабдуулар жөнөтүлдү.

Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери аталган эл аралык уюм Кыргызстанга жалпысынан 10 миллион доллардан ашык каражатка жардам көрсөттү.