10-сентябрдан тартып Кувейт Кыргызстанга аба каттамын жандантат

10-сентябрдан тартып Кувейт Кыргызстанга аба каттамын жандантат.

Жарандык авиация агенттигинин сайтында жарыялангандай, Бишкек — Эль-Кувейт багыты боюнча

ар жуманын бейшембисинде учактар каттайт. Эске салсак, буга чейин Кыргызстан

Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен туруктуу авиакаттамын калыбына келтирген.

Бул пандемиядан кийин аба байланышы ачылган алгачкы өлкөлөр. Мындан тышкары,

20-сентябрдан тартып Кыргызстан жана Өзбекстан ортосунда туруктуу каттамдар жүргүзүлө баштайт.