Күзгү жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо тестке бир күн калганда өтөт

Күзгү жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо тестке бир күн калганда өтөт. Бул тууралуу novosti.kgге Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.

 

Анын айтымында, учурга карата арызды 900дөй адам тапшырды. Каттоодон өткөндөрдүн так саны бүгүн-эртең белгилүү болот. Эске салсак, күзгү жалпы республикалык тестирлөө 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт.