Перс булуңунун өлкөлөрү Кыргызстан жарандарын ишке алууга даяр

Перс булуңунун өлкөлөрү Кыргызстан жарандарын ишке алууга даяр. Эмгек жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, кеп Сауд Арабия, Бахрейн, Оман, Араб эмирлиги, Иордания, Катар жана Кувейтте мыйзамдуу ишке орношуу тууралуу болуп жатат.

 

Министрлик менен жеке компания ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу жетишилди.

 

Өлкөлөр 815 вакансия сунуштайт, ошондой эле чакырган тарап акысыз виза берип, авиабилетти төлөп берет. Кененирээк маалыматты жарандарды чет мамлекетте ишке орноштуруу борборуна кайрылуу керек.