Кайра шайлоо өткөрүүгө 18 миллион 486 миң сом жумшалат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Белгилеп кетсек, Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорунда бир мандаттуу округдар боюнча депутаттарды кайра шайлоо 27-февралга белгиленди.
Эске салсак, ушул жылдын 28-ноябрында өлкөдө Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн.
Анда аталган эки шайлоо округунда «баарына каршы» графасы талапкерлердин алган добушунан ашып кеткендиктен шайлоо өтпөй калды деп таанылган.