Парламент шайлоолорун кийинки жылга жылдыруу суроосу көтөрүлгөн эмес

Парламент шайлоолорун кийинки жылга жылдыруу суроосу көтөрүлгөн эмес. Бул тууралуу novosti.kgге Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

 

Ал белгилегендей, өзгөчө абал режими киргизилген учурда мыйзамдын нормасы бар, ага ылайык, шайлоо өткөрүүгө тыюу салынат. Бирок бийлик бул суроону көтөргөн эмес. Добуш берүүнүн так күнүн президент белгилейт.