Жогорку Кеңешти шайлоого карата Россияда 20 добуш берүү тилкеси ачылат

Жогорку Кеңешти шайлоого карата Россияда 20 добуш берүү тилкеси ачылат.

Тилкелер Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток,

Красноярск, Иркутск, Якутск, Түштүк-Сахалин, Сургут жана Тюмень шаарларында

пайда болот — дешти БШКдан. Андан тышкары, дагы Казань, Краснодар, Самара,

Томск жана Хабаровск шаарларында шайлоо участкалары алгачкы ирет ачылат.

БШКдан эскертишкендей, биометрикалык маалыматын тапшырган жана консулдукка

каттоого тургандар шайлоочулар тизмесине киргизилет. Жалпысынан

28-ноябрда өтө турган шайлоого карата чет өлкөлөрдө 57 тилке ачылат