Бишкекте маршруттук таксилер каттамга 2 эсе аз чыкты

Бишкекте маршруттук таксилер каттамга 2 эсе аз чыкты. “Азаттыкка” мэриядан билдиришкендей, учурда болжол менен 800-900 кичи автобус элди ташууда.

 

Муну адистер бүгүн Кыргызстанда расмий түрдө дем алыш күн деп жарыяланганы жана жүргүнчү ташууга коюлган жаңы чектөөлөрдөн улам жол акыдан киреше табуу мүмкүнчүлүгү азайганы менен түшүндүрүүдө.

 

Бүгүн ордо калаада  ошондой эле 110 троллейбус жана 112 автобус иштеп жатат.