Бишкек мэриясы көп кабаттуу үйлөрдү ээлеринен тартып алат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Бишкек мэриясы көп кабаттуу үйлөрдү ээлеринен тартып алат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, турак жай фонду мамлекетке тиешелүү үйлөрдү

буга чейин эле өткөрүп берген. Мүлктү менчиктештирүү мыйзамына ылайык, үйлөрдүн

95 пайызы менчикке чыккан. Бирок көп кабаттуу үйлөрдө батирлерден тышкары лифт,

жер төлө жана чатыры калаанын балансында. Мэриядан белгилешкендей,

жарандын менчигиндеги турак жайды эч кимдин тартып алууга укугу жок.