Коронавирус почта аркылуу келген кат жана буюмдар аркылуу жукпайт

Коронавирус почта аркылуу келген кат жана буюмдар аркылуу жукпайт.

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери билдирет.

Окумуштуулардын айтымында, вирус айлана-чөйрөдө көпкө жашабайт.

Ал аба аркылуу же бейтап менен байланышта болгондо жугат.

Жарандарга колду дайым жууп, чийки азыктарды колдонбой,

эл көп чогулган жерге баруудан баш тартуу сунушталат.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей,

өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталган жок.

Эгерде вирустун белгилери байкалса дароо дарыгерге кайрылуу зарыл.