Медицина кызматкерлерине кошумча каражат төлөөгө акча бөлүндү.
Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирет. Анын айтымында,
1-сентябрда ушул жылдын аягына чейин кошумча 640 миллион сом каралды.
Муну менен бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы 1 миллиард 425 миллион сомду түздү.
Боронов белгилегендей, 26-августка карата компенсация катары медицина кызматкерлерине
жалпысынан 785 миллион 400 миң сом сарпталды. Кошумчаласак, өлкөдө март айынан бери
коронвирустун очогунда иштеген дарыгерлерге айлык маянасына кошумча акча берилип жатат.