Камбар-Ата-1 ГЭСинен өндүрүлгөн электр энергиясын сатуудан түшкөн жылдык пайда 234 миллион долларды түзөт.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, аталган гидроэлектростанциядан жылына 5 жарым миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана ар бир киловатт-саатын “CASA-1000” долбоорунун алкагында 5тен ашык АКШ центине сатуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Бул жагдай Кыргызстандын экономикасына чоң салым алып келет жана өлкөгө түшүүчү жылдык таза пайда 234 миллион долларды түзөт, — деди мамлекет башчы.
Эске салсак, бүгүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу расмий башталды.