Кийинки жылы “Токтогул суу сактагычында” нымдуулуктун көлөмү 5 миллиард кубометрге чейин түшүү коркунучу бар.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы резервуарында суунун көлөмү 9 миллиард 897 миллион кубометрди түзөт.
Былтыр бул көрсөткүч 13 миллиардга жакын болчу. “Улуттук энергохолдингдин” жетекчиси Бакыт Сыдыков билдиргендей,
учурда күз-кыш сезонуна даярдануу боюнча иштер башталды. Андан тышкары Казакстандан импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Эске салсак, буга чейин 2017-18-жылдары ГЭСтеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилинде 19,5 миллиард кубометрге чейин көтөрүлгөн.
Ал эми 2008-жылы 7 миллиардга чейин төмөндөгөн.