Чет жактан которулган акчаны ошол валютада бербеген банктар жазаланат

Чет жактан которулган акчаны ошол валютада бербеген банктар жазаланат.

Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айтымында, мындай көйгөйгө туш болгондор башкы банкка кайрылып, арыз жазышы керек.

“Россиядан акча рубль түрүндө которулса, бул жакта да рубль менен берилиши керек.

Эгер банктар рубль бербей, сом алгыла деп кардарларды мажбурлап жатса, бул мыйзам бузуу.

Ошондой фактылар болсо, Улуттук банк тиешелүү чара көрөт”, — деди өлкөнүн башкы каржы мекемесинин өкүлү.