Улуттук банктагы алтын валюта кору рекорддук көрсөткүчкө жетти

Улуттук банктагы алтын валюта кору рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Улуттук банктын маалыматында, ушул айдын көрсөткүчү боюнча

алтындын запасы 51 миллиард сомдон ашты. Ал эми жыл башына

салыштырмалуу запастын наркы 48,8 миллиард сомго көбөйгөн.

Кошумчаласак, алтын валюта кору Улуттук банкка сомдун курсун

кармоо мүмкүнчүлүгүн берет. Резерв 10дон ашык валютадан,

эл аралык акча бирдигинин төлөм каражатынан жана

жасалма резервден жана алтындан турат.