Быйыл мамлекет бюджетинин жалпы чыгымы каржы активдери менен бирге 197 миллиард 283 миллион сомду түзөт

Быйыл мамлекет бюджетинин жалпы чыгымы каржы активдери менен бирге 197 миллиард 283 миллион сомду түзөт.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, сумманын басымдуу бөлүгү бул – бюджеттик акчалар.

Калган бөлүгү – атайын эсептин жана мамлекеттик инвестициялар. Белгилеп кетсек, быйыл бюджет

чыгымдарын кайрадан олуттуу түрдө бөлүштүрүү болбойт. Бирок айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн.

Алсак, Саламаттыкты сактоо тармагынын чыгымдары 78 пайызга жогорулайт, ал эми социалдык

коргоого  тескерисинче, кыскартылды, өтө көп эмес — 4 пайызга.