Өтмөк ашуусунда жол тынымсыз тазаланып жатат, унаалардын жүрүүсүнө чектөө жок

Өтмөк ашуусунда жол тынымсыз тазаланып жатат, унаалардын жүрүүсүнө чектөө жок.

Буга №36-жол тейлөө мекемесинин башкы инженери Аскат Жумалиев ишендирүүдө.

Анын айтымында, өткөн ишембиден бери кар тынымсыз жаап, бороон токтобой жатат.

Андан улам себилген кум көрүнбөй калышы ыктымал.

Талас облусундагы аталган өтмөктө күнү-түнү нөөмөттө 3 техника жана 6 күзөтчү иш алып барышууда.

Андыктан трассада унаалардын тыгыны жаралуу коркунучу жок, -деди Жумалиев.