Бишкектеги Түштүк магистраль Сокулук районуна чейин жеткирилет

Бишкектеги Түштүк магистраль Сокулук районуна чейин жеткирилет. Бул тууралуу капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин милдетин убактылуу аткаруучу Улан Уезбаев билдирди.

 

Анын айтымында,  бул ордо калаадагы айланып өтүүчү трасса болот. Аны колдонууга берүү менен, шаардын борбордук бөлүгүн унаалардан бошотуу пландалууда. Учурда жумуштарды аткаруучу компанияны аныктоо үчүн тендер өткөрүүгө даярдыктар жүрүп жатат.