Бала бакчаларды ачуу боюнча чечим жакынкы арада кабыл алынат

Кыргызстан бийлиги муниципалдык бала бакчаларды ачуу маселесин козгоду. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, учурда бул суроону Республикалык штаб карап жатат. Атайын комиссия бардык райондордогу мектепке чейинки билим берүү мекемелерин санитардык нормалардын сакталышына текшерүүдө.

 

Бала бакчаларды ачуу боюнча чечим жакынкы арада кабыл алынат. Өкмөт башчы белгилегендей, учурда санэпидем көзөмөлдүн уруксаты менен жеке бала бакчалар гана иштей алат.