Кара-Кулжада өзбекстандыктарга жасалма паспорт берип жүргөн адис кармалды

Кара-Кулжа райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн О.Т.А. аттуу башкы адиси Өзбекстандын жарандарына паспорт берген деп кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Өзбекстандын жарандары Ю.М.У. жана С.М.С. жасалма документ алып бергени үчүн шектүүгө акчалай сый акы бергени аныкталган.

 

Факт боюнча Жазык кодексинин 320 («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 330-беренелери («Паспортту мыйзамсыз берүү») менен сотко чейинки тергөө башталып, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз документ берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылып жатканы кошумчаланды.