Муфтиятта ажылыкка чогулган каражат мыйзамсыз колдонулганы аныкталды

Муфтиятта ажылыкка чогулган каражат мыйзамсыз колдонулганы аныкталды.

 

Улуттук коопсуздук комитетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, мусулмандардын дин башкармалыгынын кызматкерлери ажылыкка чогулган каражаттан 100 миллион сомду жеке компанияларга карызга берип, ай сайын анын пайызын алып турушкан.

 

Ал эми муфтияттын жетекчилиги бул кылмышты жашыруу максатында комитеттин кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаган.  Бухгалтер пара берип жаткан жеринен кармалды. Тергөө жүрүүдө.