Жемкорлукка айыпталган чек ара кызматынын жетекчилери бир айга камалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Курсанбек Бекташев, Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башчысы Чынарбек Насиев жана «Достук» өткөрмө пунктунун башчысы Аскарбек Эрмекбаев 20-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык соту ырастады.

 

Бекташев менен Насиевдин бөгөт чарасы 22-октябрда, Эрмекбаевдин бөгөт чарасы 21-октябрда каралды. Аларды камакка алуу өтүнмөсүн Мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчиси, Ош гарнизонунун аскер прокурорунун улук жардамчысы, юстициянын майору С. Токтогулов берген.

 

Кылмышка шектүүлөр УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камала турган болушту.

 

Чек ара кызматынын жетекчилери 19-октябрда кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган. «Алар чек арадан өткөн кишилерди, негизинен өзбек жарандарын опузалап такай акча алып турганы аныкталган» деп айтылган андагы маалыматта. Кармалгандардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесиндеги «Адамдардын тобу тарабынан пара алуу» деген пункт боюнча иликтөө жүрүүдө.

Быйыл июлда Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан өтүүдө мыйзамсыз текшерүүлөргө, акча талап кылууга кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Чек ара кызматы муну куру доомат деп атап, сын-пикирлерди четке кагып келген.