Кара-Сууда логистикалык борбор курулат

Кара-Сууда логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу райондун акими Турусбек Ногоев билдирди. Анын айтымында, индустриялык-логистикалык борборду Кашкар-Кыштак айылында 5 гектар жерге куруу пландалууда. Ишкана үч этап менен салынып, негизги багыты тигүү өндүрүшү болот.

 

Чийки пахта буласын кабыл алып, токулган кийимдерди өндүрүп чыгат. 45 миллион долларга курула тураган логистикалык борбордо 1 миң 200 адамга жаңы жумур орду түзүлөт.