Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү министри болуп дайындалды

Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бейшеналиевдин талапкерлигин өлкө башчы жылдырып, аны Жогорку Кеңеш депутаттары колдошту.

 

Эске салсак, буга чейин министрликти жетектеп келген Болотбек Купешев ден-соолугуна байланыштуу кызматынан бошотулду.