Каракол аэропортунда жаңы аэробекеттин курулушу башталды.
Ага капсуланы президент Садыр Жапаров салды. Өлкө башчы администрациясынын маалыматына ылайык, аэровокзал 2023-жылдын аягында колдонууга берилет.
Анда аэродромдун элементтери жаңыртылып, учуп-конуу тилкеси 400 метрге узартылат. Андан тышкары, терминалдык комплекстин жаңы имараты курулат. Муну менен “Каракол” аба майданында эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрүн кабыл алууга шарт түзүлөт.