Сауд Арабияга зыяратчыларды коштоп барчу ажы башчылары 12-майда сынак тапшырат

Сауд Арабияга зыяратчыларды коштоп барчу ажы башчылары 12-майда сынак тапшырат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Тест учурунда талапкерлерге 100дөн ашык суроо берилет.

 

Сынактан ийгиликтүү өткөндөр ажылык сапарда зыяратчыларды коштоп жүрөт. Эске салсак, быйыл Сауд Арабия Кыргызстан үчүн ажылык сапарга 2 миң 766 квота бөлүп берди. Пандемиядан улам 2 жылдан бери Мекеге сапар уюштурулган эмес.