Кыргызстанда дагы 923 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 923 адам коронавирустан айыкты.

 

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 526, Ошто 129, Чүйдө 117, Таласта 20, Нарында 7, Ысык-Көлдө 15, Жалал-Абадда 50, Баткенде 59 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 119 миң 694 адам коронавирусту жеңди.