Каракол шаарынын көчөлөрүндө 25 миң түп гүл ачылат

Каракол шаарынын көчөлөрүндө 25 миң түп гүл ачылат.

Калаанын жашылдандыруу ишканасынан билдиришкендей, буга чейин

күнөсканага айдалган петуния гүлдөрү майдан тартып шаар ичиндеги

клумбдарга, эс алуу бактарына, гүл бакчаларга отургузулат. Ишканадан

белгилешкендей, кийинки жылы шаарды көрктөндүрүүгө көбүрөөк көңүл

буруу пландалууда. Андан улам, 250 миң гүл батыра ала турган күнөскана

курулат. Буга жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сом каралды