Кыргызстанда референдум менен бирге жергиликтүү бийлик органдарын шайлоо өттү.
Бишкек шаардык кеңешине алдын-ала 6 партия өтөт. Алар “Эмгек”, “Ак-Бата”, “Кыргызстандын
элдик демократиялык партиясы”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак” жана “Биздин Эл”.
Жалпысынан шаардык парламентке 25 партия ат салышты. Ал эми Ош шаардык кеңешине
добуштардын көбүн же 48 пайызын “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы алды. Андан кийинки
саптарда “Улуттар биримдиги”, “Ыйман Нуру” жана “Ынтымак” партиялары турат