Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого 311 эл аралык байкоочу катталды

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого 311 эл аралык байкоочу катталды.

Боршайкомдон билдиришкендей, алар жалпысынан 43 өлкөнүн жана 31 эл аралык уюмдун өкүлдөрү.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Жарышка 18 талапкер ат салышууда. Ушул эле күнгө мамлекеттин башкаруу формасын

аныктоо боюнча референдум да дайындалды. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же

парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт же барына каршы тандоосу турат.