Боршайком добуш берүүчүлөрдүн болжолдуу тизмесин түздү. Бүгүнкү күнгө карата анда 3 миллиондон ашык адам катталган. Жарандар тизмеде өздөрүнүн бар-жоктугун 16-июлдан тарта www.tizme.gov.kg сайтынан текшерип алса болот.
Эгер тизмеде жок болсо, же маалымат туура эмес болсо, аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышы керек. Добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси 28-октябрга чейин жарыяланат. Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоолор 4-октябрда өтөт.