Кыргызстандык волейболчулар зоналдык Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер курама командасы 23 жашка чейинкилер арасында өтө турган (U-23) волейбол боюнча зоналдык Азия чемпионатына катышат.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 19-28-декабрь күндөрү Дака шаарында өтөт.

Курама команданын тизмеси:
1. Жантемир Жээнбек уулу;
2. Нурислам Медетбек уулу;
3. Нурадил Бердибеков;
4. Афтандил Амангелди уулу;
5. Кадырбек Сатыев;
6. Касым Акматалев;
7. Нурбек Кожомбердиев;
8. Жоогазын Равхат уулу;
9. Самат Кадырбек уулу;
10. Эрнис Токтосунов.

Спотчулар ага машыктыруучу Бакыт Алиев, башкы машыктыруучу Нурбек Калыковдун жетекчилиги астында мелдешке катышат.