Килиан Мбаппе Париж клубунан кетүүнү көздөөдө

ПСЖ жана Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе Париж клубунан кетүүнү көздөөдө.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, форфард буга чейин команданын жетекчилигине жогорудагы каалоосун билдирген.

ПСЖ Мбаппе “Реал Мадридден” башка клубга кетсе гана чабуулчу менен сүйлөшүүгө даяр.

Трансфер 2023-жылы кышында же жайында болушу мүмкүн.

23 жаштагы Мбаппенин негизги талапкери болуп «Ливерпуль» саналат.