Кыргызстан тышкы карызды тейлөөгө жыл сайын орточо 250-300 млн доллар бөлөт

Кыргызстан тышкы карызды тейлөөгө жыл сайын орточо 250-300 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Novosti.kgге Каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

 

Анын айтымында, Кыргызстанда тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу 2027-жылга туура келет. Сумма 500 миллион доллардан ашат.

 

Эки тараптуу өлкөлөрдүн ичинен эң ири кредитор – Кытай. Аталган мамлекетке Кыргызстан 4 жылдан кийин бир жылда 232 миллион доллар төлөөгө мажбур болот.