Россия коронавирустун белгилери аныкталган чет элдиктерди депортациялайт

Россия коронавирустун белгилери аныкталган чет элдиктерди депортациялайт.

Бул тууралуу премьер-министр Михаил Мишустин өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы вирус өзгөчө коркунучтуу оорулардын тизмесине кирди.

Жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын камсыздоо максатында алдын ала

иштер жүрүп жатат.  Мындан улам, Сочиде ушул айда өтө турган инвестициялык

форум жылдырылды. Белгилеп кетсек, Россияда коронавирус жугузуп алган Кытайдын эки жараны катталды.