Жумгал районуна Бишкектен дарыгерлердин кошумча тобу барат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Буга чейин коронавирусту алдын алуу жана дарылоо үчүн Ат-Башы районуна Бишкектен төрт дарыгерден турган бригада барган, эми андай зарылчылык Жумгалда да пайда болду.
15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 449 адамдан табылды, алардын 34ү Нарын облусунда. Буга байланыштуу, Нарында дагы өзгөчө абал киргизилет.