Сыртта жүргөн мекендештер айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууда

Кыргызстандан тышкары жүргөн 2 306 жаран айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу маселеси боюнча дипломатиялык мекемелерге кайрылып, анын ичинен 1 881ине айдоочулук күбөлүк берилди. Бул тууралуу ИИМдин «Унаа» мекемесинин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекеттик мекеме ушул жылдын 17-январынан тартып Кыргызстандын чет өлкөдөгү жайларында улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасы башталганын эске салды.
«Аталган документти калыбына келтирип же алмаштырам деген Кыргызстандын бардык жарандары жашаган жери боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылса болот», — деп жазылат маалыматта.