Бишкектеги күндүзгү стационарларда дарыланган бейтаптар вирустан айыга баштады

Бишкектеги күндүзгү стационарларда дарыланган бейтаптар вирустан айыга баштады.

Мэриядан билдиришкендей, спорт ордосунда жайгашкан күндүзгү стационарда дарыланып

айыккан бейтаптар үйлөрүнө узатылды. Алар тийиштүү медициналык жардам алышты.

Бир жуманын аралыгында күндүзгү стационарлар 11 миңден ашык адамды кабыл алышты.

Эске салсак, ордо калаада учурда тогуз стационар иштеп жатат.

Ар биринде ординатор, медайым, санитар жана ыктыярчылар нөөмөттө турушат.