Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 100 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 100 миллиондон ашты.

Бул Жер шарындагы калктын 1,3% түзөт. Серепчилер чыныгы сандар мындан да

көп болушу мүмкүн экенин болжолдошот. Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда

бир эле АКШда вирус 25 миллион адамдан табылып, 425 миңи каза тапты.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Вашингтон кошумча 200 миллион

доза вакцина сатып аларын билдирди. Муну менен күзгө чейин

ар бир америкалыкты эмдөөдөн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.