АКШ мындан ары көз жаруу максатында барган кош бойлуу аялдарга виза бербейт

АКШ мындан ары көз жаруу максатында барган кош бойлуу аялдарга виза бербейт.

Жаңычылдык 24-январдан баштап күчүнө кирди.

Айрым кош бойлуу аялдар туризм максатында эмес,

иш боюнча же ооруп жаткан жакындарына бара жатса,

жаңы эреженин аларга тиешеси болбойт. Эреженин негизги максаты — АКШга жарандык үчүн

гана төрөөгө баргандарга бөгөт коюу. Ошол эле учурда шарт боюнча кош бойлуулук

жөнүндө суроо оозеки гана берилиши керек. Аялды консулдуктан же

чек арадан тесттен өтүүгө эч ким мажбурлай албайт.