WADA Москвадагы лабораториянын лицензиясын убактылуу токтотту

WADA Москвадагы лабораториянын лицензиясын убактылуу токтотту.

Допингге каршы эл аралык уюмдун сайтында, бул чара дисциплинардык

териштирүү аяктагыча күчүндө калары белгиленет. Ага чейин допингге каршы

лабораторияда спортчулардын кан анализдерине тыюу салынат.

Буга чейин дүйнөлүк агенттик Россияны төрт жылга эл аралык ири мелдештерден

четтетүү чечимин кабыл алган. Мындай чара Москвадагы анализдер бурмаланганына байланыштуу.