Казакстанда Назарбаев күнүн белгилешкен жок

Бүгүн Казакстанда 2012-жылдан бери биринчи жолу Нурсултан Назарбаевдин урматына арналган күндү мамлекеттик майрам катары белгилешкен жок. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев 1991-жылдын 1-декабрында шайланган.
«2012-жылы өлкөдө Биринчи президенттин күнү түзүлгөн. 2012-жылдан 2022-жылга чейин мамлекеттик майрам статусунда белгиленип келген. Бирок 2022-жылдын сентябрь айында президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон мыйзамга ылайык, Биринчи президент күнү мамлекеттик майрамдардын катарынан чыгарылып, социалдык мааниге ээ болгон категорияга киргизилген», — деп жазды Sputnik Казакстан.