Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында бүгүн оюн талаасына “E” жана “F” тобунун командалары чыгат. Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да Бельгия – Хорватия жана Марокко – Канада беттешет.
Ал эми түнкү саат 1де Испания – Япония, Германия – Коста-Рика курамаларынын футболчулары кийинки этапка чыгуу укугун талашат.
“Е” тайпасында учурда 4 упай менен Испания биринчи орунда жайгашат, Япония менен Коста-Рикада 3төн упай болсо, Германия 1 упайы менен чемпионаттан чыгып кетүү коркунучу алында турат. Андыктан, немис машинасына бүгүн жеңиш гана талап кылынат.