Криштиану Роналду Сауд Арабиялык “Аль-Наср” футбол клубу менен келишим түзүшү мүмкүн

Криштиану Роналду Сауд Арабиялык “Аль-Наср” футбол клубу менен келишим түзүшү мүмкүн. Спорт басылмалары бул жакынкы арада ишке ашат деп жазышууда. Келишим 2,5 сезонго эсептелип, футболчу бир сезондо 200 миллион евро алышы күтүлөт.

 

Бул суммага айлыктан тышкары, жарнамалык келишимдерден киреше дагы кошулган.

 

Эске салсак, жакында эле “Манчестер Юнайтед” Роналду менен келишимди жокко чыгарды. Буга футболчунун чуулгандуу интервьюсу себеп болгону айтылууда.