Келээрки окуу жылына чейин Кыргызстанда дагы 31 мектеп интернетке кошулат

Келээрки окуу жылына чейин Кыргызстанда дагы 31 мектеп интернетке кошулат.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат менен камсыздоо секторунун

башчысы Расул Маматов novosti.kg ге билдирди. Анын айтымында,

өлкөнүн алыс аймактарында жайгашкан райондорго кабелдерди тартуу кыйын болууда.

Учурда бул кырдаал боюнча иштер жүрүп жатат. Кошумчаласак,

учурда өлкө боюнча 2 миң 106 билим берүү мекемеси интернетке туташкан.