Жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча айыптын көлөмү азайды

Жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча айыптын көлөмү азайды.

Тиешелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ага ылайык, айрым эрежелер бузулса айып пулдун көлөмү 3 миң сомдон

1 миңге чейин төмөндөтүлөт. Алардын ичинде, жол белгилеринин жана трассалардагы

чийиндердин талаптарын аткарбоо, токтоо эрежелерин бузуу, коопсуз аралыкты сактабоо,

транспорт каражаттарын жайгаштырууну аткарбоо жана каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү

эрежелерин бузуу жана башкалар бар. Кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.